Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кылмыш дүйнөсү жасалма интеллектти активдүү колдонуп жатканын эскертти. Бул тууралуу ал 5-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алган учурунда сөз сүйлөп жатып айтты.
Жолугушууда заман талабындагы актуалдуу, анын ичинде санарип технологиялардын ыкчам өнүгүшүнө байланыштуу маселелер талкууланды. Маалыматтык коопсуздукту жана киберкоркунучтарга каршы биргелешкен күрөштү чыңдоо зарылчылыгы белгиленди.
Садыр Жапаров кылмыш дүйнөсү жасалма интеллектти активдүү өздөштүрүп, киберчабуулдарды автоматташтырып жатканын белгиледи. Жалган маалыматты колдонуп, мыйзамсыз финансы агымдары үчүн жаңы каналдарды ачып жатканын айтты. Мамлекет башчысы ошондуктан ШКУнун институционалдык базасын бекемдөөдө иш жүзүндөгү кадамдар өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйынында трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, экстремизмге жана киберкоопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү маселелери талкууланууда.
Бишкекте буга чейин ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны өткөн.
ШКУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Уюмга мүчө мамлекет башчылардын саммити быйыл сентябрда Бишкекте өтөт.
ШКУ 2001-жылы Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлери негиздеген уюм. Ал өз ара ишенимди, саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган уюм деп уставында жазылган.
2017-жылы ШКУга Индия менен Пакистан кошулган. 2023-жылы Иран, 2024-жылы Беларус кирген. (ZKo)
Шерине