Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Бишкектин көпчүлүк жерлеринде электр энергиясы өчтү

Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаар тургундары кабарлады.

Социалдык тармактардын колдонуучулары да жарыксыз калганын удаа жазышууда. Жарык түштөн кийин өчкөн.

Айрым райондордо электр энергиясы кайра берилгени кабарланса, кээлеринде дале өчүк бойдон калууда.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому кайсы райондордо жарык өчкөнүн жана жапырт өчүрүүнүн себептерин изилдеп жатканын билдирди.

Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр. (ErN)


Шерине

XS
SM
MD
LG