Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Ысык-Көлдөгү жер көчкү: бир адам каза болду, бир өспүрүм дайынсыз

Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

5-июндун кечинде Ысык-Көл районундагы Бостери жана Булан-Сөгөттү айылдарынын ортосунда селдин айынан жер көчкү түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 6-июндагы соңку маалыматына караганда, издөө иштери уланууда.

Мекеме билдиргендей, түнкү саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган эркек кишинин сөөгү табылган. Ал эми экинчи адам изделүүдө.

Кырсыкка, ӨКМ билдиришинче, 5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору ураганы себеп болгон. Сел суусуна кошулуп баткак түрүндөгү ылай Балыкчы —Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымына түшкөн жана эки машинени, эки кишини басып калган.

Куткаруу ишине жалпы 291 адам, сел жүргөн аймакка жалпы 20 инженердик техника тартылганы маалымдалды.

Ысык-Көл облусунун башчысы Бакыт Жетигенов ошол жерде туруп "Азаттыктын" журналистине айткандай, таксиде келаткан бир жаран набыт болду, аны менен чогуу отурган 8-класста окуган өспүрүм дайынсыз.

Ошол эле жерде кайрадан сел жүрүү коркунучу сакталып турганын, андыктан этият болуу зарыл экенин "Азаттыкка" 6-июнда жергиликтүү адистер кабарлашты.

Жер көчкү түшкөндө машинелер жолдон чыгып, ылай-баткак басып калган.

Машиненин айдоочусу Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилип, анын абалы туруктуу экени кабарланган.

Өзүн Камчыбек Керимбеков деп тааныштырган тургун "Азаттыкка" буларды айтып берди:

"Окуя сегиз жарымдарда болду. Садыр Аке айыл аймагындагы Комсомол аймагы бул жер. Ватсап группаларга маалымат түшкөндө келгенбиз. Биз да инибизди таба албай жатабыз. ӨКМ иштеп жатат. Жергиликтүү балдар жардам берип жатат. Кайгылуу окуя болду. Иним 8-класс, ал Чолпон-Атага иштери менен барып кайтып келаткан болчу. Жүргүнчү болчу, аны издеп жатабыз. Ал эми каза болгон жарандын сөөгүн машинанын астынан алып чыгышты. Жер көчкү бул жердеги эки кабат тосмону сүрүп кетиптир".

Жергиликтүү тургун Нурбек Дүйшеев буларды айтып берди:

"Жогору жакта 500-600 метр айдоо жер бар болчу, ошол жер көчкөн окшойт. Азырынча бул болжолдуу маалымат. Барып көрсөк ал жер чуңкур болуп турат. Топурак аябай эле көп түштү. Өйдө жакта сарай бар эле, ал жак аман экен. Ал эми көл жээк болсо 5-6 метрге чейин кирди деп жатышат. Көчкү 400-500 метр жерден түшкөн дешти".

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Фейсбуктагы баракчасындагы 5-июндагы маалыматында сел каптаган жолдор тазаланганын билдирген. Андан кийинки маалыматында мекеме кырсык болгон жерге министр Канатбек Чыныбаев барганын кабарлады. Балыкчы — Ананьево — Каракол автожолунун 92-чакырымындагы абалды, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин өзү көзөмөлдөп жатканы маалымдалды.

ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Темирбеков журналисттерге жолдон өтүп бараткан эки машине баткакка батып калганын айткан.

Бир машинеде бараткан үч киши сыртка чыга качканга үлгүрсө, эки жүргүнчү ичинде калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобунун адистери жеринде иштеп жатат. Түнкү саат бирлерде жол ачылганы маалым болду.

5-июнда саат болжол менен 20:00 чамасында Чолпон-Ата шаары менен Булан-Сөгөттү айылынын ортосунда сел жүрүп, кара жол убактылуу жабылып калган. Күбөлөр социалдык тармактарга жеринен видео тартып жүктөп, бир нече автоунааны сел көл тарапка агызып кеткенин айтышкан.

Ошол аймакта жол куруу иштерине байланыштуу буга чейин карьер казылып жатканы тууралуу да айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы 6-июнда окуя болгон жерден кырсыктан кийинки сүрөттөрдү жарыялады.

Ошону менен катар мекеме жакынкы күндөрү кайрадан сел жүрүшү ыктымал болуп жатканын эскертти:

"7-июндан 8-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Мындан улам ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы жарандарды бул күндөрү сел коопсуздук эрежелерин так сактап, тоого жана тооолуу аймактарга, кооптуу жерлерге жолго чыкпай турууну эскертет".

Жергиликтүү бийлик жана жарандык коргонуу кызматтары ички арыктарды, сел өтүүчү каналдарды тазалоо, жээктерин бекемдөө, күч жана каражатты даярдык абалда кармоо иштерин көзөмөлдөшү зарыл экени да кошумча эскертилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы Балыкчы – Корумду – Чолпон-Ата унаа жолундагы окуяны өзгөчө кырдаал деп атады. Мекеменин социалдык тармактардагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматта жолдун 95-чакырымында узундугу 18 метрлик көпүрө жайгашканы, буга чейин бул аймакта мындай көлөмдөгү сел агымы катталбаганы белгиленди.

"Нөшөрлөп жааган жаандан улам тоо боорунда көчкү жүрүп, чоң көлөмдөгү таш-топурак массасы суу агымы менен кошо түшкөн. Натыйжада селдин көлөмү кескин көбөйүп, өзгөчө кырдаал жаралды. Кырсыктын кесепетин жоюу боюнча иштер дароо башталган. Алгачкы этапта үч жүктөгүч унаа, эки автогрейдер жана үч HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тартылган. Кийинчерээк жергиликтүү бийликтин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасы кошумча тартылган. Учурда кырсык болгон жерде алты экскаватор, эки жүктөгүч жана 10 HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүүдө", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы

Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар кырсыктын себептерин тактап, келтирилген зыянды баалоо иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.

Макала толукталууда

  • 16x9 Image

    Кундуз Кызылжарова

    "Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG