Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

ЕБ Орусиянын жарандарына виза берүү тартибин катаалдаштырууну көздөйт

Европа комиссиясы Орусиянын жарандарына Шенген визасын берүүнү катаалдатуу чараларын сунуштай турганын билдирди. Мурдараак Шенген аймагына кирген 11 өлкө Украинадагы согушка карабай Европанын айрым өлкөлөрү орусиялыктарга туристтик виза берип жатканына нааразылыгын билдирип чыгышкан.

«Биз үчүнчү өлкөнүн кастык аракеттеринен келип чыккан коопсуздук чараларын мындан ары чечүү максатында виза чараларын чектөөнү сунуштайбыз», - деген Еврокомиссиянын миграция боюнча өкүлү Маркус Ламерт. Бул тууралуу Euronews жазды. Анын айтымына караганда, жаңы чаралар 2027-жылы кириши ыктымал. Ал кандай чектөөлөр экенин тактаган жок, бирок орус жарандарына виза берүүгө толук тыюу салынбай турганы белгиленди.

Бир нече күн мурда Шенген аймагына кирген 11 өлкө Европа комиссиясына биргелешкен кат жөнөткөн. Дания, Исландия, Латвия, Литва, Нидерланд, Норвегия, Польша, Финляндия, Чехия, Швеция, жана Эстония “виза эрежелерин чектеген жана милдеттүү чараларды киргизүүнү” талап кылышкан. Ошол эле учурда Франция, Испания жана Италия азыр деле Орусиянын жарандарына туристтик виза берип келет. 2025-жылы дээрлик 180 миң орусиялык Франциянын визасын алган, бул андан мурдагы жылга чалыштырганда кыйла көп. Италия – 160 миң, Испания 100 миңдин тегерегенде виза берген.

“Ракета жана дрондор Украинанын жай тургундарын жана жарандык инфратүзүмүн талкалоону улантып жатканда Европанын эс алуу жайларында, курортторунда эс алып жаткан орусиялык туристтердин көбөйүшү абдан кооптуу көрүнүш”, - деп жазылган катта. Анда орус жарандарына бир нече жолу виза берүү жолдорун катаалдатуу, Украинага каршы согушка катышкандарды киргизбөө талабы бар.

Еврокомиссия Орусиянын жарандарына Шенгенген визасын берүү согушка чейинки убактан бери төрт миллиондон 2025-жылы дээрлик жарым миллионго чейин азайганын билдирди. Бир нече жолу берилген виза бир жолкуга алмашты. Бул тууралуу Deutsche Welle жазды. ЕБнын расмий маалыматына караганда, 2025-жылы биримдикке кирген өлкөлөр Орусиянын жарандарына 620 миң виза берген. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 10,2% көп. Орусиялыктардын басымдуу бөлүгү виза үчүн Франция, Италия жана Испанияга кайрылган.

Орусия Украинага бастырып кирген 2022-жылдан тартып Европа биримдиги орусиялыктарга жеңилдетилген виза берүү тартибин жокко чыгарган. Айрым өлкөлөр орус жарандарынын киришине тыюу салган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG