Ливандын түндүгүндөгү “Хезболла” согушкер тобу ондогон жылдар бою иштешине тыюу салып келген Каляат аэропорту кайра ачылды. Биринчи расмий каттам менен Ливандын премьер-министри Наваф Салам келди.
"Хезболла" АКШ менен Израилде террордук деп таанылган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, аскердик канатын террордук деп санайт.
Ливандык булактардын айтымында, Бейрутта аэропорттун ачылышы мамлекеттик көзөмөлдү калыбына келтирүүнүн жана “Хезболланын” таасиринин алсызданышынын белгиси катары каралууда.
Буга чейин аталган топ Бейрут эл аралык аэропорту аркылуу өлкөнүн аба мейкиндигин дээрлик көзөмөлгө алып, башка жарандык аба майдандын иштешине каршы болуп турган. Ошону менен катар Салам Каляат Бейруттагы негизги аба майданды ордун алмаштырбай турганын билдирди. Премьер-министрдин айтымында, мындан ары Ливандын бардык аэропорттору мамлекеттин гана көзөмөлүндө болот.
Шерине