АКШнын Украина боюнча мурдагы атайын чабарманы Кит Келлог расмий Киевдин, Вашингтондун жана Москванын ортосундагы сүйлөшүү процесси дээрлик токтоп калганын билдирди. Анын айтымында, америкалыктардын көңүл борборунда азыр Иран менен сүйлөшүүлөр болууда.
"Сүйлөшүү процесси дээрлик токтоп калды. Бул жакшы эмес. Бул чынында эле жакшы эмес", — деген Келлог Украина Орусияга каршы өз алдынча күрөшүп жатканын кошумчалады.
Келлогдун белгилешинче, АКШнын Орусияга санкциялык басымы бар, ал эми чектөөлөрдүн жаңы топтомун даярдоо иши аягына чыга элек. Ошону менен катар ал Орусиянын азыркы тапта согуштук аракеттерин Украинадан тыш аймакка, Балтия мамлекеттери менен Польшага жайылтууга жетиштүү ресурсу жок экенин айтты.
Украинага быйыл жайында барууну пландап жатканын билдирген Келлог АКШ президенти Дональд Трамп дагы эле согушту токтотуу ниетинде экенин билдирди.
"Украинская правда" басылмасы жазгандай, Орусияга басымды күчөтүү жана күзүндө тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантууга шарт түзүү үчүн Киев жаңы аскердик-дипломатиялык өнөктүгүн баштоодо.
Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков да АКШ, Орусия жана Украина ортосундагы сүйлөшүүлөр топтоп турганын айткан.
Сүйлөшүү жараяны качан уланары азырынча белгисиз.
Орусия бийлиги, президенти Владимир Путин буга чейинки билдирүүлөрүндө келишим түзүлмөйүнчө атышууну токтотууга, фронтттогу азыркы тилкеден токтоого, Украинанын аймагында Батыштын аскерлерин жайгаштырууга каршы экенин билдирип, камакка алынган активдеринин кайтарылышын талап кылышкан.
Шерине