Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

Орусиянын эки облусунда мунай сактоочу жай жана деңиз порту дрон соккусуна кабылды

"Таманьнефтегаз" мунай ишканасы жайгашкан жер. 2026-жылдын 13-июну.
"Таманьнефтегаз" мунай ишканасы жайгашкан жер. 2026-жылдын 13-июну.

13-июнга караган түнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Краснодар аймагындагы бир нече портко, аннексияланган Крымга алып баруучу көпүрөнүн жанына сокку урушту.

NASA FIRMS маалыматына ылайык, Волна айылындагы "Таманьнефтегаз" ишканасына кайрадан чабуул коюлду. Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев дагы Telegram каналында Темрюк портундагы деңиз терминалында өрт тутанганын билдирди. Анын айтымында, "дрондун сыныктары түшкөн" жерде бир адам каза болуп, үчөө жараат алды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 13-июндун түнүндө өлкө аймагында, анын ичинде Краснодар крайында, жалпысынан 177 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Ишемби күнү эртең менен Волгоград облусундагы Ефимовка борбордук мунай иштетүү жана насостук станциясына да дрон менен сокку урулду. Станциядагы өрттүн сүрөттөрү Украинанын Telegram каналдарында жарыяланды. Облус губернатору Андрей Бочаров "Котовский районундагы өнөр жай инфраструктурасына дрондун сыныктары түшкөндөн кийин өрт тутанганын" жазды.

Ефимовка борбордук кайра иштетүүчү заводу – кендерден алынган чийки мунайды тазалоочу борбор.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG