Соңку апталарда Иран Исфахандагы жогору байытылган уран кампасын жылчык калтырбай бүтөө чараларын күчөткөнүн CNN телеканалы америкалык чалгындоо маалыматы менен тааныш булактарга таянып билдирди.
Кампага алып баруучу тоннелдер уратылып, кире бериштерине мина коюлганы, эми уран запастарына жетүү ирандыктардын өзүнө да бир топ кыйыныраак жана кооптуураак болуп калганы кабарланды.
Ирандан уран запастарын алып чыгуу Вашингтондун Тегеранга койгон талаптарынын бири.
12-июнда Трамп администрациясынын өкүлү тараптар Иранды байытылган уранды АКШга өткөрүп берүүгө милдеттендирген келишимге жакындап калганын билдирди. Ошол эле учурда эки тараптын тең расмий өкүлдөрү баштапкы келишим боюнча карама-каршы маалыматтарды беришкен, андыктан так шарттары белгисиз бойдон калууда.
Америкалык расмий өкүлдөрдүн маалыматы боюнча, Иранда болжол менен 440 килограмм жогорку байытылган уран бар, анын көпчүлүк бөлүгү Ирандын Исфахан шаарындагы объектилердин бириндеги жер астындагы тоннелдерде жайгашкан. Байытуу деңгээли 60 пайызды түзөт – курал жасоо үчүн бул көрсөткүчтү 90 пайызга жеткирүү керек. CNN телеканалынын маалыматы боюнча, май айынын орто ченинде америкалык аскерлер уранды алып чыгуу операциясын жүргүзүүгө даяр болушкан. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп бул Ирандын катуу жооп кайтаруусуна алып келип, согушту узартат деген эскертүүсүнөн кийин операцияны токтоткон.
Шерине