Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Былтыр чет өлкөлөрдөн 458 кыргызстандыктын сөөгү келген

"Жүк-200" түшүрүү учуру. "Ош" аэропорту, Кыргызстан. (архив)
"Жүк-200" түшүрүү учуру. "Ош" аэропорту, Кыргызстан. (архив)

2025-жылы чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 458 жараны кайтыш болгон, алардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө мамлекет тарабынан 53 млн 258 миң сом төлөнгөн.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы "Жүк-200" эң көп Орусиядан алып келинген. Былтыр ал жактан 360 кыргызстандыктын сөөгү келген. Түркиядан - 39, АКШдан жана Индиядан 14төн, Казакстандан 8, Түштүк Кореядан 3 кыргызстандыктын жасаты келген. Кытай, Италия, Германия, Чехия, Беларустан ар биринен экиден, Австрия, Азербайжан, Бельгия, Бириккен Араб Эмираттары, Ирландия, Литва, Мексика, Кувейт, Өзбекстан, Словакиядан бирден кыргызстандык жарандын сөөктөрү мекенине жеткирилген.

2026-жылы беш айда чет өлкөлөрдө кайтыш болгон 174 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинген. Бул үчүн мамлекеттен 21 млн 038 миң сом төлөнгөн.

Быйылкы жылы да "Жүк-200" басымдуу бөлүгү - 137си Орусиядан алып келинсе, Түркиядан 12, Индиядан 8, АКШдан 5 кыргыз жаранынын сөөгү жеткирилген. Казакстандан 2, Түштүк Кореядан 1, Мальта, Түркмөнстан, Кувейт, Вьетнам, Өзбекстан, Германия, Италия, Египет, Кытайдан бирден "Жүк-200" алып келинген.

Министрликтин маалыматында жазылгандай, сөөк жеткирүү үчүн эң кымбат акча - 15 миң доллар Кытайдан алып келинүүчү "Жүк-200дү" репатриациялоо менен байланышкан чыгымдарды жабууга сарпталат. Кувейттен алып келүүгө - 14 500, Мексикадан - 14 000, АКШдан - 8000, Түштүк Кореядан - 6000, БАЭден - 5000 доллар жумшалат.

Орусиядан сөөк алып келүүгө орточо 70 миң рублден 120 миң рублга чейин сарпталат.

ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган.(ZKo/KE)

Шерине

XS
SM
MD
LG