Кытайдын белгилүү жазуучусу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Ян "Ысык-Көл эл аралык форуму–40" мааракелик иш-чарасына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Аны азыркы Кытай адабиятынын классиктери Ван Мэң, Чжан Хунсэн, Акбар Мажит, Лю Лиаченг баштаган кытай жазуучулары коштоп келишти.
17-июнь күнү коноктор кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине зыярат кылышты.
Аларды Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, уулу Элдар Айтматов тосуп алышты.
Мо Ян Улуттук жазуучулар бирлигине дагы барды.
Форум 18-июнда Ысык-Көлдө өтөт. "Ысык-Көл эл аралык форуму – 40" дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген белгилүү коомдук ишмерлерди, окумуштууларды, жазуучуларды жана маданият өкүлдөрүн бириктирген маанилүү эл аралык аянтча. Анда маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана дүйнөлүк маданий мурастарды сактоо маселелери талкууланат.
1986-жылы дүйнөгө белгилүү жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген форум 40 жылдык мааракесин өткөрүп жатат.
Президенттик администрация быйылкы форумдун максаты Айтматовдун гуманитардык мурасын жаңыртуу гана эмес, анын терең идеяларын жана чыгармаларын санариптештирүүнүн реалдуулуктарына ылайыкташтыруу экенин билдирди. Форум "интеллектуалдык жана маданий дипломатиянын призмасы аркылуу муундар ортосунда көпүрө курууга, адамзат кризисин, жасалма интеллекттин этикалык чакырыктарын жана глобалдык бөлүнүп-жарылууну жеңүү үчүн жаңы муундагы лидерлерге жана ойчулдарга сунуш кылууга умтулары" белгиленди.(ZKo)
Шерине