Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда бөгөттөлгөн TikTok тиркемесин кайрадан ачууну колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июнда IT тармагынын өкүлдөрү, кинофильм өндүрүүчүлөр, креативдүү чыгармачылыкта алектенгендер менен жолугушуусунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Шыкмаматов блогерлер TikTok тиркемеси аркылуу жарнамалоо, сатуу, сатып алуу иштерин жүргүзүп келгенин белгиледи:
“Бул салык саясаты эмес, менин жеке пикирим, TikTok кайра ачылышы керек. Бул тиркеме элге жеткиликтүү болгону эле жакшы. Биз андан эч жакка кача албайбыз. Анткени адамдар аны көрүп, колдонуп жатат. Ошондуктан TikTok ачылганы туура болот деп ойлойм. Эгерде добуш берилсе мен ачылсын деп добуш бермекмин”.
Кыргызстанда TikTok тиркемеси 2023-жылы жабылган. Ошол учурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир катар бейөкмөт уюмдардан TikTok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тийгизген терс жана зыян таасири тууралуу кайрылуулары көбөйгөнүн жүйө келтирип жапкан.
Бул тиркеме коңшу Өзбекстанда дагы жабылган. Өзбекстандын бийлиги TikTok сервисин өлкөнүн «Жеке маалыматтар жөнүндө» мыйзамын бузган деп айыптап, ачык иштөөсүнө 2021-жылы чектөө койгон.(ZKo/DSh)
Дагы караңыз
Шерине