Эл артисти, опера ырчысы жана педагог Улукмырза Полотов 83 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын шакирттери кабарлашты.
Улукмырза Полотов 1943-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук айылында туулган.
Фрунзедеги Искусство институтун аяктаган соң Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти катары таанылган.
1994–жылдан баштап Б.Бейшеналиева атындагы КМИИде, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу болуп эмгектенген.
Жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Элдик устат-шакирт салттарына жана дүйнөлүк академиялык стандартка таянган методикага негизделген автордук мектепти түзгөн.
Учурдагы белгилүү ырчылардын көбүн таптап, чоң сахнага алып чыккан.
"Азаттыктын" архиви: Эл артисти Улукмырза Полотов менен 2023-жылы Бурулкан Сарыгулова маектешкен.
Шерине