Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Аба ырайы: Айрым жерлерде жаан катуу жаайт

19-22-июнь күндөрү күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

19-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймктарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы 16…18°, күндүз 29…31° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 18-июнда эртең менен 19,8° түздү.


Шерине

XS
SM
MD
LG