Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык форуму башталды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл форумунун ачылышында. Чолпон-Ата шаары. 18-июнь, 2026-жыл.
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл форумунун ачылышында. Чолпон-Ата шаары. 18-июнь, 2026-жыл.

18-июнда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык форуму башталды. Иш-чаранын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышып, 40 жыл мурдагы форумда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун келечек муунга кам көрүп, Жер шарындагы элдер ынтымакта жашашы керек деп айткан сөзүн келтирди.

"Ооба, бүгүнкү замандын интеллектуалдары өз-өзүнчө дүйнөнү экологиялык жана технологиялык туңгуюктан куткаруунун жолун, айласын издеп жатышат. Бирок бирдиктүү, өзөктүү, жоопкерчиликтүү жана таасирдүү сунуш чыга элек. Мына ушундай кыйчалыш кырдаалда Ысык-Көл форумунан үмүт артып, иштиктүү гуманисттик натыйжалардын күтүлүшү дагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Демек, 40 жылдыгы белгиленип жаткан бул форумдун миссиясы дагы тереңде жатат",-деди Жапаров.

Мамлекет башчы форумда дүйнөдөгү согуштардын жана экологиялык кризистердин фонунда адамзатка чакырык жасалып, өлкөлөр арасындагы чыр-чатактарга эл аралык уюмдарды тартуу платформасын түзүү, жасалма интеллекттин адамзаттын бакубат жашоосуна пайдаланылуусу боюнча реалдуу чечимдер сунушталарына үмүт артарын айтты.

Форумга Нобель сыйлыгын ээси жана Кытайдын Жазуучулар союзунун төрагасы Мо Янь баштаган делегациясы, украин жазуучусу жана котормочусу Васькив Микола, Татарстан Жазуучулар союзунун төрагасы Ркаил Зайдулин, ТҮРКСКОЙдун экс-катчысы Дусенбай Касеинов, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору Марклен Конурбаев, Казакстандын президентинин кеңешчиси Бауыржан Омаров, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев жана башка жергиликтүү, дүйнөлүк окумуштуулар, коомдук жана саясий ишмерлер катышууда.

Быйылкы жылдагы юбилейлик форумдун негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун гуманитардык мурасын жаңыртуу гана эмес, анын терең идеяларын жана чыгармаларын санарип реалдуулукка ылайыкташтыруу. Уюштуруучулар форум интеллектуалдык жана маданий дипломатиянын призмасы аркылуу муундар ортосунда көпүрө курууга, адамзат кризисин, жасалма интеллекттин этикалык чакырыктарын жана глобалдык бөлүнүп-жарылууну жеңүү үчүн жаңы муундагы лидерлерге жана ойчулдарга сунуш кылууга умтуларын маалымдаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG