Тажикстандын Тоолуу Бадакшан автоном облусунун төрагасы Алишер Мирзонабот Дарваз районунун аймагында болгон жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу 17-июнда Тажикстандын президентинин расмий сайты кабарлады.
Өлкө башчысы Эмомали Рахмон Мирзонаботтун өлүмүн трагедия деп атап, анын жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.
17-июнда Алишер Мирзонабот, жубайы, баласы жана жардамчысын Дүйшөмбүдөн Хорогго алып бараткан автоунаа Дарваз районунда Пянж дарыясына кулап кеткен.
Алардын сөөгү табылганы же табылбаганы азырынча белгисиз. Президенттин расмий сайтындагы билдирүүдө бул тууралуу маалымат берилген эмес.
«Ылдамдыктын жогору болушунан улам автоунаа эки мамыны жана тосмо зымды сүзүп өтүп, андан соң Пянж дарыясына кулап кеткен», — деп жазылды Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.
Маалыматка караганда, кырсык болгон жерден «287 TJ» мамлекеттик номери жана унаанын айрым бөлүктөрү табылган.
Окуя болгон жерге Тажикстандын ички иштер министри, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы жана Өзгөчө кырдаалдар комитетинин жетекчилери барышкан.
Алишер Мирзонабот Тоолуу Бадакшан автоном облусунун төрагасы жана ошол эле учурда Мажлиси Миллинин (парламенттин жогорку палатасынын) төрагасынын орун басары кызматтарын аркалап келген. Ал 16-июнда Дүйшөмбүдө өткөн парламенттин жогорку палатасынын жыйынына катышкан.
Мирзонабот 46 жашта болчу жана 2021-жылдан бери Тоолуу Бадакшан автоном облусун жетектеп келген. Ага чейин Хорог шаарынын мэри болуп иштеген. Ал эми 2018-жылга чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
Бадакшан облусунун айрым тургундары аны ондогон активисттерди жана бийликке нааразы болгон адамдарды куугунтуктоого байланыштырып келишет.
Алишер Мирзонабот облусту жетектеп турган мезгилде, 2022-жылы Тоолуу Бадакшан автоном облусунда жергиликтүү тургундардын нааразылык акциялары күч менен басылган.
Укук коргоо уюмдарынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын май айында Хорог жана Рушан шаарларындагы нааразылык акцияларын күч менен таратуу учурунда болжол менен 40 адам набыт болгон.
Тажикстандын бийлиги акцияга каршы аракетин «антитеррордук операция» деп атаган.
Ал эми Human Rights Watch уюму күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери мыйзамсыз өлтүрүүлөргө жана адам укуктарын бузууга барганын, бирок алардын эч кимиси жоопкерчиликке тартылбаганын билдирген.
Шерине