Москвага коюлган дрон чабуулунун натыйжасында «Садовод» базарында чыккан өрттөн тажикстандык соодагерлер жабыркады.
«Озоди» радиосуна курган маегинде аты-жөнүн атагысы келбеген тажикстандык ишкер анын атыр саткан дүкөнү өрттөнүп кеткенин айткан. Ал жерде миллиондогон рублга бааланган товары болгон.
Соодагердин айтымында, «Садовод» базарында көптөгөн тажикстандыктар иштейт. Өрттөн негизинен базардын сырткы бөлүгүндө соода кылган ишкерлер жабыркаган.
Ал ошондой эле чабуул таңкы саат бештер чамасында болгонун, ал учурда соодагерлердин көбү базарда болбогонун белгиледи.
«Садоводдо» кыргызстандык соодагерлер дагы көп эмгектенишет. Алардын бири буга чейин «Азаттыкка» жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирген.
Орус бийлигинин маалыматына ылайык, дрондордун бири мунай ишканасына тийген. Ал эми абадан атып түшүрүлгөн учкучсуз аппараттын сыныктары «Садовод» базарынын аймагына кулап түшкөн.
Украин бийлиги билдиргендей, чабуулдун негизги бутасы мунайды кайра иштетүүчү жана өндүрүүчү ишканалар болгон. Киевдин пикиринде, Орусия Украинага каршы согушту дал ушул мунай сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен каржылап жатат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул соккуларды Орусиянын чабуулдарына берилген адилеттүү жооп деп атаган.
«Биз бул согушту каалабайбыз жана эч качан каалаган эмеспиз. Муну баары билет, биздин өнөктөштөр дагы билет. Биз Украина душмандын чабуулдарынан күйүп кетишин каалабайбыз. Бирок Украина күйүп жатса, анда сиздердин Москваңыздар да күйөт. Ошондуктан дагы бир жолу баса белгилейм, агрессияны токтотууга жана бул согушту аяктоого убакыт келди», - деди украин президенти.
Акыркы айларда Украина Орусиянын аймагына, анын ичинде өлкөнүн эң алыскы аймактарына чейин жеткен дрон чабуулдарын күчөттү.
Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдуу согушу беш жылга жакын убакыттан бери уланып келет.
Шерине