Британиянын премьер-министри Кир Стармер отставкага кетип жатканын жарыялады. Саясатчы падыша Чарльз Үчүнчүнү кабардар кылганын жана Лейбористтер партиясынын жаңы лидери шайлангыча кызматын аткара берерин билдирди.
Премьер отставкага кетерин жергиликтүү маалымат каражаттары өткөн дем алышта өз булактарга таянып жаза баштаган.
Анын кызматтан кетишине партиялаштарынын, анын ичинде кабинет мүчөлөрү арасындагы маанай түрткү болду.
Стармердин айтымында, 9-июлда лейбористтер өкмөттү жетектей турган жаңы лидерин шайлоо боюнча кампанияны башташат. 16-июлга карай талапкерлер белгилүү болууга тийиш.
Байкоочулардын көбү Манчестер шаарынын мурдагы мэри Энди Бөрнем жападан-жалгыз талапкер болорун болжолдошот. Андай болсо, саясатчы эмки айда премьерликти аркалай баштайт. Ал эми ага атаандаш болгон башка талапкерлер да чыкса, анда өкмөттүн жаңы башчысы сентябрда белгилүү болмокчу.
Стармер жетектеген лейбористтер эки жыл мурда шайлоодо ишенимдүү жеңген. Бирок экономикалык кыйынчылыктар, мыйзамсыз миграция маселелери, кылмыштарга айыпталган ишкер Жеффри Эпштейндин досу болуп чыккан Питер Мандельсонду АКШга элчи болуп дайындоо чатагынан улам алардын популярдуулугу төмөндөдү.
Партия Бөрнем Найжел Фараждын оңчул популисттердин Reform UK партиясынан жаралган коркунучка туруштук берүүгө көмөктөшөт деп ишенет.
Социологдордун маалыматында, мындан 10 жыл мурун өлкөнүн Еврошаркеттен чыгуусуна демилгечи болгон Фараждын саясий партиясы Британиядагы эң популярдуу саясий күч бойдон калууда.
Шерине