Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

26-июндун аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

Көл-Төр.
Көл-Төр.

26-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 15…20° жылуу, күндүз 31…36°;
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 13…18° жылуу, күндүз 28…33°;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 17…22° жылуу, күндүз 33…38°;
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 10…15° жылуу, күндүз 25…30°;
  • Нарын облусунда: түнкүсүн 4…9° жылуу, күндүз 24…29° болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20° жылуу, күндүз 34…36° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 24-июнда күндүз 22,0°С, 25-июнда эртең менен 19,9°С түзүп турду.

Шерине

XS
SM
MD
LG