Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Орус армиясы Украинанын үч облусундагы май куюучу жайларга сокку урду

Сумы. 2026-жылдын 25-июну.
Сумы. 2026-жылдын 25-июну.

Орусиянын армиясы 25-июнга караган түнү Украинанын Сумы, Запорожье жана Днепропетровск облустарына баллистикалык ракета жана сокку уруучу дрондор менен чабуул жасады. Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия бир "Искандер-М" ракетасын жана 90 дрон учурду. Алардын 83ү абадан атып түшүрүлдү.

Сумы шаарында таңкы саат алты чамасында дрон май куюучу жайга тийип, өрт чыккан.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдиргендей, чабуулдан төрт адам жабыркады. Май куюучу жайдын эки кызматкери жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилсе, окуя болгон жердин жанында жүргөн жубайларга медициналык жардам ошол жерде көрсөтүлгөн.

Григоровдун айтымында, Орусия акыркы бир жылдан бери Сумы облусундагы май куюучу жайларды бутага алып келет.

"Душман облустагы май куюучу жайларды атайылап жок кылуу аракетин бир жылдан бери токтоткон жок. Алардын максаты калктуу конуштарды күйүүчү май менен камсыздоону жана логистиканы үзгүлтүккө учуратуу. Июнь айында эле облус боюнча май куюучу жайларга 13 жолу чабуул жасалды", – деди ал.

Ошол эле күнү эртең менен Орусиянын күчтөрү Запорожье облусундагы дагы бир май куюучу жайга сокку урду.

Днепропетровск облусунда да май куюучу жайлар жана жарандык инфраструктура бутага алынды. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжанын маалыматына ылайык, Никополь районунда май куюучу жай жабыркады.

Мындан тышкары Кривой Рог районунда инфраструктуралык объектилер зыян тартты. Днепр районунда коммуналдык техника сакталган кампага урулган соккудан жеңил жана жүк ташуучу унаалар жабыркады. Павлоград шаарында автоунаалар, коллеждин имараты, жатакана жана ден соолукту чыңдоо борбору зыянга учурады.

Ал эми Синельников районунда маданият үйү өрттөнүп, 12 жеке турак үй жана чарбалык курулуштарга да зыян келтирилгени кабарланды.

Полтава облусунда түн ичинде дрондордун бири Полтава районундагы өнөр жай ишканасына тийди.

Харьков облусунда болсо дрондор шаардагы турак жай кварталын бутага алды. Облустук прокуратура билдиргендей, Богодухов шаарында беш киши жаракат алды.

Орусиянын бийлиги соңку соккулар боюнча комментарий бере элек. Адатта расмий Москва аскердик гана жайларды бутага аларын билдирип, жарандык инфраструктурага коюлган чабуулдар тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG