Аннексияланган Крымда Орусия орноткон Ички иштер министрлигинин экстремизмге каршы жана миграция маселелери боюнча башкармалыгы борбор азиялык төрт мигрантты депортация кылды. Алар орусиялык аскерлерге акарат келтирген жана куралдуу күчтөрдү дискредитация кылган деп күнөөлөндү.
Маалыматка караганда, жумушчулар "Артек" балдар борборундагы курулушта иштеп жаткан. Жаңжал чыгып кеткенде алар башкалардын көзүнчө куралдуу күчтөр тууралуу терс сөз айткан деп кабарланды. Күбөлөр полицияга арызданган.
Натыйжада мигранттар кармалып, ар бирине 35 миң рублдан (450 доллар) айып пул салынды, жумушка уруксаттары жокко чыгарылды жана мекенине кайтарылды. Аларга Орусияга 10 жылга кирүүгө тыюу салынды.
Кеп кайсы өлкөнүн жарандары тууралуу жүргөнү маалымдалган жок.
Шерине