Эсеп палатасы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунда 2025-жылдагы ишмердиги боюнча 967 миллион 824,3 миң сом каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, анын ичинен 135 миллион 888,7 миң сом мамлекетке милдеттүү түрдө кайтарылууга тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө анын 8 миллион 904,9 миң сому гана калыбына келтирилген.
Эсеп палатасы “Кыргызнефтегаз” жана анын туунду компаниясы өз убагында тиешелүү өндүрүштүк чараларды көрбөгөндүктөн, ишкана 494 миллион 958,7 миң сом кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылганын кошумчалады.
Андан тышкары айлык акыга байланыштуу 281 миллион 422 миң сом мыйзам бузуу аныкталган. Жетекчиликтин катасынан 120 миллион сомдук дебитордук карыз боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлбөй, 53 миллион 954,9 миң сом негизсиз чыгымдарга жумшалганы такталган.
Ошондой эле курулуш иштеринде 6 миллион 456,3 миң сомдук, ал эми мамлекеттик сатып алууларда 2 миллион 127,5 миң сомдук эреже бузуу катталган.
“Кыргызнефтегаз” Кыргызстанда мунай, газ чалгындоо жана өндүрүү боюнча компания. Анын 86,17% Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги, 3,92% Социалдык фонд 3,92%, 1,18% юридикалык жактар жана 8,73% жеке жактар – 8,73% ээлик кылат. (BTo)
Шерине