Монакодогу жардырууга шек саналып украиналык Анастасия Березовска изделүүдө. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Морган Рэймонд 3-июлда билдирди. Анын айтымында, шектүү Германияга качып кеткен жана башка кишилер менен чогуу аракеттенген.
29-июндагы окуядан теги украиналык бизнесмен Вадим Ермолаев, жубайы жана баласы жарадар болгон.
39 жаштагы шектүүгө Интерпол издөө салды. Эң жогорку даражадагы кызыл ордерде анын украиналык экени, немисче сүйлөгөнү айтылат. Березовска адам өлтүрүү аракети, кылмыштуу максат менен коомдук жерге бомба жайгаштыруу жана кылмыштуу кутум үчун изделүүдө.
Рэймонддун айтымында, аял имараттын маңдайына таңгак калтырган жана жабыркагандар ал жерге келгенде бомбаны алыстан жардырган.
Шектүү жөө кошуна Францияга бет алганы, андан кийин Германияда ижарага алынган машина менен бир нече европалык өлкөнү аралап өтүп артка, Германияга кеткени айтылды.
Мындай татаал схемадан улам тергөөчүлөр ал жалгыз аракеттенген эмес деген бүтүмгө келди.
2019-жылы Ермолаев Украинанын жарандыгынан баш тарткан. 2023-жылы украин президенти Владимир Зеленский ага жеке санкцияларды киргизген. Ишкер Крым аннексиялагангандан кийин жарым аралдагы алкоголдук бизнесин башкаларга каттатып, Орусиянын мыйзамдары менен ишин уланткан деп шектелүүдө.
Шерине