Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:42

Орусиянын армиясы Украинаны ракета жана дрон менен аткылады, каза тапкандар бар

Сумы. Иллюстрациялык сүрөт.
Сумы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ишембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын "Искандер М", Х-59/69 авиациялык ракеталары жана 80ден ашуун дрон менен аткылады. Арасынан ракеталар жана 17 дрон бутага тийип, калгандарын Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөн.

Одесса облусунун жарандык инфраструктурасын аткылоо учурунда азык-түлүк кампасында өрт тутанганын облустук администрация башчысы Олег Кипер жазды. Анын айтымында, 29 жана 41 жаштагы эки адам жараат алып, биринин абалы оор.

Сумы шаарын аткылоодо үч киши каза болгонун, бирөө бала экенин Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

"Соккулар шаардын борбордук бөлүгүндөгү көчөлөргө урулган. Талкаланган көп батирлүү үйлөрдөн беш кишини куткарып калдык. Дагы 27 адам, анын ичинде жети бала түрдүү жарааттарды алды", - деп жазылган маалыматта.

Аймактын башчысы Олег Григоровдун билдиришинче, жараат алган бир адам ооруканада каза болду.

Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовдун билдиришинче, 13 киши жараат алып, жарандык инфраструктура объекттери кыйраган.

Запарожьеде эки киши каза болуп, 39у жараат алды. Бир сутка ичинде тийиштүү кызматтарга турак жай, автоунаа жана инфраструктуралык объектилер жабыркаганы тууралуу 344 билдирүү түшкөн.

Донецкиде беш киши каза болуп, 12си жараат алды. Бул аймакка коюлган чабуулдан Дружковка, Славянск жана Краматорск көбүрөөк жабыр тарткан.

Орусиянын армиясы Херсон облусундагы "Чернобаевская" канаттуулар фабрикасына авибомба таштаган.

4-июлдун таңында орусиялык дрондор Украинанын Полтава облусундагы "Нефтегаз" компаниялар тобунун газ өндүрүүчү объекттерине чабуул коюп, өрт чыккан ишканада жумуш токтоду. Бул тууралуу “Нафтогаз” башкармалыгынын төрагасы Сергей Корецкий маалымдады. Объектиге буга чейин дагы сокку урулган.


Шерине

XS
SM
MD
LG