Баткен шаардык милициясына 4-июлда облустук биргелешкен ооруканага жардыруучу зат коюлганы кабарланган.
Баткен ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана тиешелүү кызматкерлер жеринде текшерүү иштерин жүргүзүп шектүү зат табылган эмес. "Бомба коюлду" деген маалымат жалган болуп чыккан.
Кыргызстанда буга чейин Бишкектеги "Манас" аэропорту баштаган коомдук жайларга бомба коюлганы тууралуу кабарланып, текшерүү учурунда маалымат аныкталган эмес.
Кыргызстанда "бомба коюлду" деп жалган маалымат тараткандарга Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси, тактап айтканда, "Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" айыбы боюнча кылмыш иши козголот.
Ага ылайык, айып пул төлөтүү, кара жумушка тартуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жазалар каралган. (JsA)
Шерине