Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

ХАМАС Газадагы өз өкмөтү жоюлганын билдирди

Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

Палестинанын ХАМАС тобу 6-июлда Газа тилкесин башкарып келген өзгөчө кырдаалдар өкмөттүк комитети жоюлганын жарыялады. Анклавды административдик жактан көзөмөлдөө укугу жаңы улуттук комитетке өтөт.

Агенттиктердин маалыматында, чечим АКШ колдоого алган Газадагы согуштан кийинки жөнгө салуу планын ишке ашыруу үчүн кабыл алынды. Буга чейинки башкаруучу органдын жетекчиси Мухаммед ал-Фарра кызматтан кетти.

ХАМАС Газа тилкесин башкаруу укугу Улуттук комитетке өткөрүлүшү керектигин билдирди. Согуштан кийинки жөнгө салуу планына ылайык, комитет Тынчтык кеңешинин колдоосу менен түзүлүшү керек.

Тынчтык кеңеши - Газадагы өткөөл мезгилдеги башкарууну координациялоо үчүн АКШ президенти Дональд Трамптын демилгеси менен уюштурулган эл аралык орган.

ХАМАСтын өкүлү Исмаил аль-Тавабта ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү аяктаганга чейин мамлекеттик кызматтардын ишин камсыз кылуу үчүн техникалык жана административдик кызматкерлер гана өз орундарында каларын билдирди.

Палестинанын маалыматында, жарандык иштерди башкарууну Али Шаат жетектеген технократтардын улуттук комитети өзүнө алышы керек. Бийликти өткөрүп берүүгө көмөктөшүү үчүн мамлекеттик түзүмдөрдүн, палестиналык фракциялардын жана көз карандысыз ишмерлердин катышуусунда жумушчу топ түзүлгөнү айтылууда.

Жакынкы күндөрү Каирде ХАМАС баштаган палестиналык топтор жана эл аралык ортомчулардын ортосунда ок атышууну токтотуу келишимин ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр уланат. Негизги маселелердин бири - ХАМАСты куралсыздандыруу.

Топ бул процесске баскыч-баскыч менен токтолууну жактай турганын айтып, аны Израил аскерлерин Газа тилкесинен чыгарууга байланыштырууну талап кылууда.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG