Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

Жаңы Конституция Токаевге кайра президенттикке талапкер болууга мүмкүнчүлүк берет

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) лидерлеринин Москвадагы жыйынына катышууда. 8-октябрь, 2024-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) лидерлеринин Москвадагы жыйынына катышууда. 8-октябрь, 2024-жыл.

Казакстандын Конституциялык соту өлкөдө жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Касым-Жомарт Токаевдин мурдагы президенттик мөөнөтү эсепке алынбайт деген чечим чыгарды.

Соттун түшүндүрмөсүндө, 1995-жылкы Конституциянын негизинде шайланган же дайындалган кызмат адамдары 2026-жылы кабыл алынган жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин ошол эле кызматтарга кайрадан шайлана же дайындала алары айтылат.

Бул чечимге ылайык, Токаев 2029-жылга чейинки азыркы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин дагы жаңы Конституциянын негизинде кайра шайлоого катыша алат.

Маалыматка караганда, президент Токаев Конституциялык сотко жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мурдагы Баш мыйзам боюнча мамлекеттик кызматта тургандар кайра ошол кызматка шайлана алабы деген суроо менен кайрылган.

Казакстандын жаңы Конституциясы 1-июлда күчүнө кирген.

Касым-Жомарт Токаев 2019-жылы өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев бийликтен кеткенден кийин президент болгон. Ошол эле жылы өткөн мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо жеңген.

2022-жылдын Январь окуяларынан кийин Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылган. Ошол эле жылы ноябрдагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо Токаев жеңүүчү деп жарыяланган.

Учурдагы мыйзам боюнча 73 жаштагы Токаевдин президенттик мөөнөтү 2029-жылы аякташы керек.

Буга чейин Токаев жети жылдык президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берерин бир нече жолу билдирген.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG