Бишкек шаарындагы “Манас” аэропортунда кырсыктаган учак учуп-конуу тилкесинен алынып, аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик компаниясы кабарлады.
Кырсыкка байланыштуу каттамдар алгач кечээ саат 22:00гө чейин убактылуу токтотулган эле. Тазалоо иштери кечеңдегенден улам кийин ишти жандантуу саат 6:00гө жылдырылып, аба майдан 9:00дөн тартып толук иштей баштады.
Аэропорттун өкүлү Алена Хоменко белгисиздикке байланыштуу авиакомпаниялар каттамдарын кечке чейинки ар кайсы убакытка коюшканын, ошол себептүү айрым каттамдар дароо аткарылбашы мүмкүн экенин, кээлери алынып калышы ыктымалдыгын кошумчалады.
TezJet авиакомпаниясынын Бишкектен Ошко учуп бараткан учагы 7-июль түштөн кийин кырсыкка кабылган. Учак күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси (самолёттун жерде жүрүүгө мүмкүндүк берген бөлүгү) сынып кетип, жерге кулаган. Учактын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылган.
Кырсыкка кабылган учактан 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү борттон аман-эсен чыгарылып, эвакуацияланды. Жүргүнчүлөрдүн кээлери жеңил жаракат алышкан, олуттуу жабыркагандар жок. Жарандык авиация кызматы кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
TezJet компаниясы 2013-жылы негизделип, 2014-жылдан эл ташый баштаган. Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга, Раззаковго жана Ошко учат. Жайында Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарат.
Компаниянын McDonnell Douglas-83, АвроЖет–85 үлгүсүндөгү үч учагы бар. Аларды баары 1996-97-жылдары жасалган. Учактарынын бири 1-апрелде Софияга учуп кеткен бойдон келе элек. Авиапорталдар ал жакта сакталууда экенин жазышкан.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, TezJet жеке компаниясы 2023-жылдын октябрында АККА Группасына сатылып, аны индиялык ишкер Арун Кумар Сингх жетектейт. Ага чейин кыргызстандык Алик Аскаров башкарган. TezJet - кыргыз футбол курама кондасынын расмий өнөктөшү катары оюнчуларды Кыргызстан ичинде ташыйт. (ErN)
Шерине