Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков эки айга камалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун экс-директору Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шектүүнү камакка алууну тергөөчү өтүнгөн.

Соттун билдирүүсүнөн Уранбек Шадыбековго Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен айып тагылганы белгилүү болду.

Уранбек Шадыбеков менен атайын кызматтын буга чейинки төрт кызматкери кармал күн мурун маалым болгон. Алар Аскердик прокуратурада 6-июлдун кечинде суракка алынып, 7-июлда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Уранбек Шадыбеков ушул жылдын февраль айында Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин кызматка келген. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Шадыбеков кайра 8-июнда кызматтан алынган.

Февраль айында Ташиевдин ордуна УКМКнын төрагасы болуп бекиген Жумгалбек Шабданбеков да 30-июнда кайра кызматтан алынган. "Ынтымак Ордо" мунун себебин анын башка кызматка өткөнү менен түшүндүрүп, кайсы ишке барганын тактаган эмес.

Президент чыгарган тескемеге ылайык, 30-июнда башкы прокурор Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. (ErN)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG