2026-жылдын башынан бери Германияда катуу ысыкка байланыштуу 5 миңден ашуун кишинин өлүмү катталды.
Бул тууралуу Reuters Федералдык коомдук саламаттык башкармалыгына шилтеме берип кабарлады.
Маалыматка караганда, каза тапкандардын 4270и 75 жаштан жогоркулар. Кары-картаңдар арасында аялдар көп болгондуктан, каза тапкандардын басымдуу бөлүгүн аял кишилер түзөт.
Өлүм көп катталган мезгил июндун аягына туура келди. Ал күндөрү орточо температура +20°C ашып атты.
Жер шарында байкоо жүргүзгөн Европанын Copernicus программасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын июнь айы Батыш Европада байкоолор жүргүзүлө баштагандан берки эң ысык ай болду. Орточо температура +20,74°C түздү.
Адистердин баамында, 20-июндан 28-июнга чейин эле Франция, Бельгия, Испанияда жана Нидерландда аптаптан 4700дөн ашуун адам каза болду.
Ысыктан улам Европанын бир катар өлкөлөрүндө токойлордо өрт чыкты. Синоптиктер Түркияда да абанын температурасы кескин жогорулашы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Окумуштуулар адаттан тыш ысыкты Тынч океандагы Эль-Ниньо климаттык кубулушунун күчөшү менен байланыштырууда.
Шерине