Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

"Мегага" ээлик кылган “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” капиталын 22 млрд сомдон ашырды

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун кеңсеси.
“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун кеңсеси.

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коому 11 ирет акцияларын чыгаруу менен өзүнүн уставдык капиталын 22,6 млрд сомго жеткирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы кабарлады.

2024-жылдагы маалымат боюнча компаниянын уставдык капиталы 18,2 млрд сом болчу.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Министрлер кабинети 2022-жылдын 31-майындагы чечими менен түзүлгөн. Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган. Кийин анын капиталы 14,8 миллиард сомго жеткирилип, компания бул суммага 2023-жылы “Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясы) сатып алган.

2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына алгачкы директор болуп Кыргызстандын жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган. “ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланыштарын иликтеп чыккан соң, маселе парламентте да көтөрүлгөн.

Евгения Судец 2023-жылдын апрелинде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна башка киши келген. Компаниянын жетекчиси андан бери да бир нече ирет алмашты. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG