Казакстандын Ички иштер министрлиги чек арадагы өткөрүү пункттарынын жанына полициянын 59 постун уюштурду.
Мекеменин билдирүүсүндө, бул иш-чаралар өлкөдөн күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюу максатында жүрүп жатат.
Полиция чек арадан өтүп жаткан машинелерди текшерүүгө катышат. ИИМдин маалыматында, жыл башынан бери кошумча күйүүчү май бактары мыйзамсыз орнотулган автоунааларды айдап жүргөн 255 учур аныкталган.
Бул мыйзам бузуу үчүн 195 чет элдик жаран жана Казакстандын 60 жараны административдик жоопкерчиликке тартылып, мыйзамсыз орнотулган кошумча бактар алынган.
8-июлдан тарта Казакстан коңшу өлкөлөрдөн келген автоунаалардын кирип-чыгышын суткасына бир жолудан ашырбоо менен чектеген.
Өлкөнүн энергетика вице-министри Кайырхан Туткышбаевдин айтымында, акыркы убакта Орусия менен чектеш Батыш Казакстан, Актөбө жана Павлодар облустарында күйүүчү-майлоочу майларды керектөө "байкаларлык өскөн".
Буга чейин Орусиянын тургундары автоунааларына май куюу үчүн Казакстанга барууга мажбур болуп жатканын билдиришкен.
Орусиянын өзүндө жана ал басып алган Украинанын аймактарында май айынын аягынан бери күйүүчү майдын тартыштыгы байкалууда.
Буга Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мунай өндүрүүчү заводдорго жана мунай объектилерине жасаган соккулары себеп болгон. Орус бийлиги бензин сатууга чектөөлөрдү киргизди.
Шерине