Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

Орусия түндө Украинага 120 дрон, 12 ракета учурду, Зеленский Батышты убаданы аткарууга чакырды

Орусиянын соккусунан кийинки Киев. 11-июль, 2026-жыл.
Орусиянын соккусунан кийинки Киев. 11-июль, 2026-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн баллистикалык ракетага каршы Patriot абадан коргонуу комплексине байланыштуу убадаларды аткарууга чакырды.

Анын белгилешинче, 11-июлга караган түнү орус армиясы Украинага 120 дрон жана 12 ракета учурган.

"Алардын жарымы баллистикалык ракеталар. Биздин коргоочулар баллистикадан башкасын атып түшүрүүгө үлгүрдү. НАТОнун жыйынында макулдашылган, элибизди коргоого багытталган колдоо пакеттери боюнча убадалардын аткарылышын күтөбүз. "Патриотторго" лицензия алуу жана биргелешкен европалык антибаллистикалык долбоор боюнча макулдашууларды болушунча тездетүү керек", - деп жазды украин президенти Телеграм-каналына.

Украин президентинин белгилешинче, Киевде жарандык инфраструктурага коркунуч тууралуу эскертүү берилгенге чейин эле сокку урулуп, турак үйлөргө, кеңселерге жана диний семинарияларга бүлгүнгө учураган. Учурда өлкөнүн бир катар аймактарында аткылоонун кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматында, 11-июлга караган түнү орусиялык аскерлер Брянск облусунан алты даана Искандер-М/С-400 баллистикалык ракетасын, төрт даана Х-59/69 башкарылуучу авиациялык ракетасын, эки даана радиолокацияга каршы ракетаны жана дрондорду учурган.

Украин аскерлери 11 жерде баллистикалык ракеталар, эки башкарылуучу авиациялык ракета жана жети сокку уруучу дрон бутага тийгенин, үч жерге атып түшүрүлгөн аппараттардын сыныктары кулаганын катташкан.

Жергиликтүү бийликтин билдирүүсүнө ылайык, орусиялык аскерлер түндө Киевге баллистикалык ракеталар менен сокку урган. 11 адам жабыркаган, арасында 11 жаштагы бала бар.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматы боюнча, Киев облусундагы объекттердин биринде Орусиянын чабуулунан улам жалын тутанып, 4 миң чарчы метр аянтты каптаган. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү деп билдирди "Азаттыктын" украин кызматы.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG