КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, камактагы Алга Кылычов абакта айып изоляторуна камалды. Бул тууралуу 13-июлда анын жубайы Гүлнур Ниязова “Азаттыкка” билдирди.
“10-июль, бешинчи күнү мен №5 мекемеге барып, жолдошума тамак-аш таштап кеткем. Үйгө жеткенден кийин бул жактагы кызматкерлер телефон чалып, “күйөөңүз айып изоляторунда (ШИЗО) экен, бергендериңизди кайра алып кетиңиз” дешти. “Эмне себептен ал жакка киргизди, мен арызданам” десем, "каалаган жериңизге барыңыз" деп айтышты. “Арызданам” дегенимден 10 мүнөттөн кийин кайра эле ошол кызматкер телефон чалып, “эже, адашып калыптырбыз, күйөөңүз изолятордо эмес экен, өзү тамак-ашты алып кетти” деп койду. Бүгүн адвокат менен келсем, жолдошумдун айып изоляторунда экенин айтып, киргизбей жатышат. Себебин сурасак, “баш ийбөө аракети” үчүн деп түшүндүрүштү. Менин күйөөмдүн ден соолугу өтө начар, 10 жылдан бери кант диабети менен ооруйт. Бул оору менен ооруган адамдар бат-бат тамактанып турушу керек, антпесе кан басымы көтөрүлүп кетет. Айып изоляторунда болсо суу да берилбейт”.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) Кылычовдун аялынын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.
КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов 2024-жылы Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген. Ушул эле чечимди кийин Чүй облустук соту да күчүндө калтырган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айып коюлган. Кылычов сот өкүмүнө макул эместигин “Азаттыкка” билдирген.
Кой-Таш окуясы боюнча ишти негизинен Бишкектин Биринчи май райондук соту карады. Ишти кароо 2022-жылы башталып, 2025-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 20 кишиге өкүм чыккан. Алга Кылычовдун иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотунда каралган.
Алга Кылычев Кой-Таш окуясына байланыштуу 2019-жылы кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Ал тергөө абагында кыйноого кабылганын “Азаттыкка” курган маегинде айтып берген.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. (ErN)
Шерине