Абактагы Аскат Жетиген саламаттыгы начарлаганын айтты | Жаңылыктар | 13.07.2026
Акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, саламаттыгы начарлап кеткенин кабарлады. Жазаларды аткаруу кызматы муну четке кагып, анын саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирүүдө. АКШ өткөн түнү Иранга абадан сокку урду. Вашингтон муну Ормуз кысыгы аркылуу өткөн соода кемелерине жасалган чабуулдарга жооп деп түшүндүрдү. Кыргызстанда алдыдагы төрт күн адаттан тыш ысык болуп, абанын табы 40 градустан ашаары эскертилди. Адистер жарандарды бул күндөрү ден соолугуна сак болуп, ачык күн алдында жүрбөөгө чакырууда.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2026Трамп Украинага жүзүн бурдубу? | Жаңылыктар | 09.07.2026
Шерине