Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

ИИМ: Көлбаев менен Акматбаевдин тарапташтары катышкан кылмыштын бети ачылды

Камчы Көлбаевдин жана Рысбек Акматбаев. Архивдик коллаж.
Камчы Көлбаевдин жана Рысбек Акматбаев. Архивдик коллаж.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жүргүзгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын натыйжасында 2008-жылы Бишкек шаарында жасалган, адам өлтүрүү менен аяктаган эки өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, аталган кылмыштар ошол учурдагы уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери болуп эсептелген Камчы Көлбаевдин жана Рысбек Акматбаевдин тарапташтарынын ортосундагы узакка созулган тирешүү жана өз ара өч алуу максатында жасалган.

Икчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча шектүү катары А.К., А.Ш., Э.Ч. жана Н.М. аттуу жарандар кармалды. Учурда зарыл болгон тергөө жана процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө.

1960-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында туулган Рысбек Акматбаев 1990-жылдары уюшкан кылмыштуу топ түзүп, өзү анын башында турган. Кыргызстан эгемендик алган жылдары өлкөдө криминалдык дүйнөнүн эң таасирдүү анабашы катары белгилүү болгон.

Акматбаев бир нече кылмыштарга айыпталып, соттолуп чыгып, кээ бир кылмыштар боюнча акталган. 2006-жылы апрелде Жогорку Кеңешке шайлоодо Балыкчы округунан жарышка чыгып, уткан. Борбордук шайлоо комиссиясы Акматбаевге козголгон кылмыш иши боюнча Жогорку соттун чечими чыга элек болгондуктан ага мандат берген эмес. Рысбек Акматбаев ошол эле жылдын май айында киши колдуу болгон.

Чолпон-Ата шаарында туулуп өскөн Камчы Көлбаев алгач Акматбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө болуп, кийин аны жана анын жанындагы эки кишини өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган. Түрмөдө алты жыл отургандан кийин жалпы колонияга которулуп, ал жерден кандайдыр жолдор аркылуу кутулуп чыгып кеткен. Мындан кийин ал өзү Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ түзүп, өзү анын жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосуна алынган.

Көлбаев 2008-жылы Москвада Орусиядагы уюшкан кылмыш топтордун анабашы, “Япончик” аттуу маркум Вячеслав Иваньков баш болгон жыйында “мыйзамдагы ууру” титулун алганын медиа каражаттары жазган.

2012-жылдын декабрында "кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган" деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошонуп чыккан.

УКМК Көлбаевди 2020-жылы октябрь айында кылмыштуу топ түзүүгө айыптап кармап, кайра төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыккан. Анын үстүнөн козголгон соңку кылмыш иши 2021-жылы кыскарганы август айында белгилүү болгон.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG