Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

АКШ Иранга каршы соккуларды улантты

АКШнын Араб деңизиндеги аскердик кемелери.  Сүрөт: CENTCOM
АКШнын Араб деңизиндеги аскердик кемелери. Сүрөт: CENTCOM

АКШнын Куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгындагы коопсуздукту камсыздоо үчүн Ирандын аймагындагы буталарга жаңы соккулар урулганын жарыялады.

Чабуул АКШнын президенти Дональд Трамп стратегиялык маанилүү деңиз каттамын блокадага алуу калыбына келтирилгенин жар салгандан бир нече саат өткөндөн кийин болду.

Соккулар ушуну менен үчүнчү күн урулуп жатат.

"Бул чабуулдар мындан ары ирандык күчтөргө кымбатка турат, алардын бейкүнөө кишилер менен соода кемелерине кол салуусуна бөгөт коет", - деп жазылган Американын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 13-июлдун кечинде жарыялаган маалыматта.

Кийинчерээк CENTCOM беш сааттык операциянын жүрүшүндө америкалык күчтөр Ирандын аймагындагы аскердик объектилерди ийгиликтүү аткылаганын, муну менен Тегерандын коммерциялык кемелерге кол салуу мүмкүнчүлүгүн көбүрөөк алсыратканын билдирди.

Ирандык мамлекеттик маалымат каражаттары Ирандын түштүк жээктериндеги бир нече аралда, анын ичинде Киш, Кешм жана Абу-Мусада жарылуулар болгонун кабарлады.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу өз кезегинде Ормуз кысыгында Бириккен Араб Эмирлигинин эки танкерине сокку урулганын маалымдады.

БАЭ бул чабуулду "осол" деп атап, экипаждын мүчөлөрүнүн бири - Индиянын жараны каза тапканын, дагы сегиз киши жараат алганын кабарлады.
Сакчылар корпусу шейшембиге оогон түнү АКШнын Иордания менен Бахрейндеги объектилерине да чабуул болгонун ырастады.

Соккулар тараптар өткөн айда кол койгон кырдаалды тынч жол менен чечүү үчүн сүйлөшүү шарттарын аныктоо тууралуу келишим үзүлүп жатканына далил.

Өткөн дем алыштарда америкалык маалымат каражаттары Ак үйдүн башчысы Конгрессти АКШ Иран менен согуштук абалда экенин кабардар кылганын жазып чыгышкан. Мындай чечим 60 күн ичинде куралдуу күчтөргө мыйзам чыгаруучулардын расмий жактыруусуз эле соккуларды урганга шарт түзөт.

13-июлдун түнү Ак үйдө журналисттерге маалымат берип жатып, Трамп америкалык күчтөрдүн соккуларынын максаты Тегеранды Ормуздагы кыймылды бузуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу экенин жарыялаган.

Трамп ирандык объектилерге үч түн катар сокку урулганына карабай, согуштук аракеттерди токтотуу келишимине жетишүү дале мүмкүн экенин кошумчалаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG