Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын Саратов облусундагы Энгельс шаарына сокку урду. Жарылуудан "Энгельс-2" аскердик аэродромунун аймагында өрт чыгып, шаарда электр энергиясы үзгүлтүккө учуроодо.
"Азаттыктын" украин кызматы белгилегендей, бул аэродромду орус аскерлери украин аймактарын ракета менен аткылоо үчүн колдонуп келет.
Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин 16-июлда Энгельс шаарына учкучсуз учактар менен чабуул жасалганын билдирди. Анын айтымында, жарандык инфраструктурага зыян келтирилди, адамдар арасында жабыркагандар жок.
Telegram каналдарда дрон көп кабаттуу турак жайга тийген учурдун видео жана сүрөттөрү жарыяланды. ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, бул турак жай Энгельс аскердик аэродромунун учуп-конуу тилкесинен эки чакырым аралыкта жайгашкан.
Украиналык мониторинг жүргүзгөн Telegram каналдардын талдоосуна ылайык, учкучсуз учактардын негизги бутасы дал ушул аэродром болгон.
Ал эми Брянск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Егор Ковальчук Суземка кыштагы аткылоого кабылып, 15 жаштагы кыз жана анын чоң энеси каза болгонун билдирди. Дагы бир жергиликтүү тургун жараат алды. Ковальчуктун айтымында, бир үй толугу менен талкаланып, дагы төрт үйгө, чарбалык курулуштарга, автоунаага жана тракторго зыян келтирилди.
Белгород облусунун ыкчам штабы беш киши жабыркаганын маалымдады. Шебекино шаарында FPV дрондун жарылуусунан 13, 16 жана 18 жаштагы үч кыз жараат алды. Ал эми Церковный хуторунда дрон автоунаага сокку урганда эки адам жабыркады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Липецк, Орёл, Ростов, Рязань, Саратов, Смоленск, Тверь, Тула жана Ярославль облустарынын, Москва аймагынын, Краснодар жана Ставрополь крайларынын, аннексияланган Крымдын, ошондой эле Азов жана Кара деңиздеринин акваторияларынын үстүндө жалпысынан 375 украиналык учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Шерине