Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Баткенден Ысык-Көлгө биринчи ирет түз аба каттамы уюшулду

“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын Баткенден Тамчыга учуп келген учагы. 16-июль, 2026-жыл.
“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын Баткенден Тамчыга учуп келген учагы. 16-июль, 2026-жыл.

16-июлда мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Кыргызстандын авиация тарыхында биринчи ирет Баткен жана Ысык-Көл облустарын бириктирген Тамчы – Баткен – Тамчы аба каттамын аткарды. Бул тууралуу компанияны башкарган “Кыргызстандын аэропорттору” мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Учуу туристтик сезондо ар бир төртүнчү күнү аткарылмакчы. Билет баасы бир тарапка 6 500 сом.

“Асман Эйрлайнс” күн мурун эле Өзбекстандын Ташкент шаарынан Тамчыга түз каттам аткарган.

“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик компания, ал 2023-жылы негизделген. Ал 2024-жылы ички каттамдарда ишин баштап, улам-улам жаңы учактарды сатып алып келатат. Компаниянын учактары Бишкек, Ош, Манас, Тамчы, Кербен, Каракол, Казарман, Раззаков, Талас, Нарын жана Баткен шаарларына, ошондой эле Алматы жана Кожент сыяктуу эл аралык багыттарга каттайт.(ErN)


Шерине

XS
SM
MD
LG