Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Акыйкатчынын өкүлдөрү абактагы Алга Кылычов менен Аскат Жетигенден кабар алды

Алга Кылычов менен Аскат Жетиген.
Алга Кылычов менен Аскат Жетиген.

Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо борборунун адистери 14-июлда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесине мониторинг жүргүзүп, укуктары бузулуп жатканын айткан саясатчы Алга Кылычов менен акын Аскат Жетигендин абалын көрүп чыгышты. Бул тууралуу мекеме 16-июлда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Алга Кылычов мекеменин кызматкери анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирилгендигине даттанды. Анын айтымында, мындай аракеттер системалуу мүнөзгө ээ жана колониянын бир нече кызматкерлери башка соттолгондорго да моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп турушат.

Алга Кылычов кан басымы кескин көтөрүлгөнүнө карабастан жазалоочу изоляторго киргизилген. Акыйкатчынын өкүлдөрү ал кармалган камераны карап, темир керебеттин бузук абалда экендигин аныкташты. Институттун кызматкерлеринин эскертүүсүнөн кийин абак жетекчилиги керебетти дароо оңдоп берди.

Маалыматта айтылгандай, Кылычов 15-июлда изолятордон кадимки камерага которулду.

Аскат Жетиген да мекеменин кызматкерлери жана жетекчилери камактагыларга адамгерчиликсиз жана ар-намысты кемсинткен мамиле жасап жатканына даттанды. Ал ошондой эле акыркы учурда буту ооруп, чуркай албай жатканын билдирген. Анын айтымында, бул көйгөй менен ал мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылган.

Алга Кылычов менен Аскат Жетиген Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамила Жаманбаеванын атына арыз менен кайрылып, айтылган маалыматтар боюнча текшерүү жүргүзүүгө жана №27 мекеменин кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга көмөк көрсөтүүнү суранышты. Материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери соттолгондордун тамактануусу менен да таанышып, мекеменин медпунктун текшеришти. Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери мекеменин жетекчилигине абактагылардын укуктарын так сактоо, кемсинтүүгө, ырайымсыз мамилеге жана кыйноого жол бербөө зарылдыгын эскертти.

Алга Кылычовдун жубайы Гүлнур Ниязова 10-июлда күйөөсүнө тамак-аш жеткиргени барып, ал айып изоляторуна киргизилгени тууралуу маалымат алганын 13-июлда “Азаттыкка” айтып берген. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) 14-июлда маалымат берип, Кылычов абактын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени, кызматкерлерге карата уят сөздөрдү айтканы жана ички тартипти бузганы үчүн 9-июлда беш күндүк мөөнөт менен айып изоляторуна киргизилгенин билдирген.

Акын Аскат Жетиген 12-июлда абактан кат жазып, ден соолугу начарлап кеткенин, акыркы убакта башы ооруп жатканын билдирген. 15-июлда жазган экинчи катында ал өзүнүн жактоочусуна кат жазып, абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканына жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына даттанган. ЖАМК бул маалыматтарды төгүндөгөн. (ErN)


Шерине

XS
SM
MD
LG