Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

АКШ Ирандын түштүк аймагына сокку урду

АКШ Аскер-деңиз күчтөрү 2026-жылдын 15-июлунда жарыялаган сүрөт.
АКШ Аскер-деңиз күчтөрү 2026-жылдын 15-июлунда жарыялаган сүрөт.

АКШ армиясы Ирандагы объектилерге соккуларын улантканын Куралдуу күчтөрдүн борбордук командачылыгы (CENTCOM) 17-июлда билдирди. Мекеменин X социалдык түйүнүндөгү маалыматына караганда, чабуулдар "ирандык аскердик потенциалды мындан ары да алсыратуу" максатында жасалууда.

Ирандын мамлекеттик Press TV телеканалы жарандык объектилер зыянга учураганын, мисалы, Хормозган провинциясында үч көпүрө жарактан чыкканын кабарлады.

Кувейт, Бахрейн жана Катар 17-июлга караган түнү ракета жана дрон соккулары болгонун билдиришти. Маалыматтарга караганда, бул чабуулдар АКШ Ирандын түштүгүндөгү объектилерди алты күндөн бери аткылап жатканына карата Тегерандын жообу болушу мүмкүн.

АКШ менен Иран 17-июнда согушту токтотуу жана Ормуз кысыгындагы блокаданы алып салуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Бирок 25-июнда ирандык жанкечти дрон Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан жарандык танкерге чабуул жасаган. Буга жооп катары АКШ Ирандын аймагына бир нече сокку урган.

8-июлда Анкарада өткөн НАТО саммитинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген.

Ал эми 13-июлда АКШ Ормуз кысыгын өз көзөмөлүнө алганын айткан. Кийинчерээк Трамп Тегеран кепке келбесе, Ирандагы электр станцияларына жана көпүрөлөргө чабуул коюлушу мүмкүн экенин эскерткен.

АКШ Иран өзүнүн өзөктүк программасын чектеши керек деп эсептейт, Иран бийлиги болсо бул программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн кайталап келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG