Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Туристтик сезондо бир айда Кыргызстандын чек арасынан 3,5 млн адам өттү

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара бекеттери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара бекеттери. Иллюстрациялык сүрөт.

Туристтик сезондун башталышы менен Кыргызстандын чек арасындагы өткөрүү бекеттерине каттам кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеме салыштыруу үчүн быйыл апрелде мамлекеттик чек арадан 3 миллиондой адам өткөнүн белгилеп, июнь айында бул көрсөткүч 3,5 миллиондон ашканын билдирет. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн агымы дээрлик 18% көбөйдү.

Апрелде киргендердин 1 миллион 584 миңи чет өлкөлүк жарандар болсо, июнда 1 миллион 827 миңге чейин болду. Бул 15% көп дегенди түшүндүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматы активдүү туристтик сезонго, өлкөдө өтө турган ири эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу комплекстүү даярдык иштерин жүргүздү. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын бардыгы штаттык режимде иштөөдө.

15-июлда “Санарип чек ара” мобилдик тиркемесин колдонууга киргизилген. Аны жүктөп алган колдонуучу өткөрмө пункттарынын абалын, иштөө режимин, талап кылынган документтердин тизмесин жана чыгууга мүмкүн болгон чектөөлөрдү текшерип, биле алат. (ErN)


Шерине

XS
SM
MD
LG