Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги 17-июлда Абай облусундагы «Семей токою» мамлекеттик жаратылыш коругунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн, бирок өзүнчө түтөп жаткан очокторду толук өчүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, бардык кызматтардын ыкчам жана координацияланган аракеттеринин натыйжасында өрттүн жайылышы токтотулду. Түн ичинде куткаруучулар тилсиз жоо менен күрөштү үзгүлтүксүз улантышты.
17-июль күнү өрттү өчүрүүгө 769 адам, 191 техника жана сегиз тик учак тартылган. Өрт башталгандан бери авиация аркылуу 243 жолу суу чачылып, жалпысынан 546 тонна суу колдонулган.
Казакстандын экология министри Эрлан Нысанбаев жана Абай облусунун акими Берик Уэли тик учак менен өрт болгон аймакты абадан көрүп чыгышты.
Буга чейин өрт болжол менен 60 гектар аянтты каптаганы айтылган. Ал эми министр Эрлан Нысанбаев кийинчерээк баштапкы эсеп боюнча өрттөн жабыркаган жалпы аянт 370 гектарга жеткенин билдирген.
Так көлөмү кошумча эсептөөлөрдөн кийин аныкталат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 16-июлда Абай облусундагы DosBolLike балдар лагеринен 220 адам, анын ичинде 190 бала жана 30 кызматкер коопсуздук үчүн Семей шаарына эвакуацияланган.
Расмий маалымат боюнча, жабыркагандар катталган жок.
Өткөн айда Казакстандын Токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү комитети 15–21-июнь аралыгында эле «Семей токою» коругунда өрттүн 15 очогу катталганын билдирген. Алардын жалпы аянты 0,4 гектарды түзүп, бардыгы өз убагында толугу менен өчүрүлгөн.
2023-жылы жайында «Семей токоюнда» чыккан ири өрттөн 15 адам, анын ичинде 14 токой кызматкери каза болуп, 60 миң гектардан ашык токой күйүп кеткен. Ал кырсыктын экономикалык чыгымы 160 миллиард теңгеге бааланган.
Шерине