Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн коргоо министри кызматына азыркы учурда Коопсуздук кызматынын (СБУ) жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Евгений Хмараны көрсөтөрүн билдирди.
Зеленский анын талапкерлигин парламенттин кароосуна сунуштай турганын 16-июлдун кечиндеги кайрылуусунда кошумчалады.
Президенттин айтымында, Хмара технологиялык операцияларды жүргүзүүдө чоң тажрыйбага ээ. Анын пикиринде, азыркы согушта Украина дал ушул багытка өзгөчө көңүл бурушу керек.
Жаңы өкмөттүн курамына азыркы коргоо министри Михаил Федоров кирген жок.
Айрым маалыматтарга караганда, Федоров менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин ортосунда пикир келишпестик жаралган.
16-июлдагы маалымат жыйынында Федоров Сырскийди кескин сынга алып, ал реформаларга бут тосуп, армиядагы өзгөрүүлөргө тоскоолдук кылганын билдирген. Ошондой эле президентке Сырский менен Башкы штабдын жетекчиси Андрей Гнатовду алмаштырууну сунуштаганын айткан.
Федоровдун кызматтан кетишине каршы 16-июлда Украинанын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өттү.
Зеленский болсо коргоо министринин алмашуусу аскер жетекчилиги менен министрликтин ортосундагы пикир келишпестикке байланыштуу экенин ырастады. Ошол эле учурда ал Федоров өз командасында каларын баса белгиледи.
Өз кезегинде Александр Сырский Михаил Федоровго ыраазычылык билдирип, анын мындан ары да командасынын курамында иштей турганына үмүт артарын айтты.
35 жаштагы Михаил Федоров Зеленскийдин шайлоо штабында санариптик багытты жетектеп, кийин өкмөттө санариптик трансформация жана инновациялар боюнча вице-премьер болуп иштеген.
Ал Коргоо министрлигин 2026-жылдын январында жетектей баштаган жана украин армиясын технологиялык жактан жаңылоонун, айрыкча дрондорду өнүктүрүүнүн негизги демилгечилеринин бири катары белгилүү.
Шерине