"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" мамлекеттик ишканасы Бишкекте жана ага танапташ бир катар райондордо электр энергиясынын жапырт өчүүсүнүн баштапкы себебин аныктады. Мекеменин билдирүүсүндө авариянын өзүнүн себеби изилденип жатканы белгиленди.
“220 кВ "Кара-Балта – Главная" жана "Главная – Шу" аба чубалгылары (АЧ) өчтү. Натыйжада керектөөчүлөрдү автоматтык түрдө өчүрүү тутуму (САОН) ишке кирди. Учурда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" (КУЭТ) ААК электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Технологиялык бузулуунун себептери такталууда”, – деп айтылды маалыматта.
17-июль, саат 14:00дөн кийин Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде электр энергиясы жапырт өчтү. Жарык бир нече жолу үзгүлтүккө учурап, кийин такыр өчкөн. Электр Чүй облусунун жана башка облустардын райондорунда да өчкөнү тууралуу маалыматтар тарап жатат.
6-июнда да Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарында электр энергиясы жапырт өчүп калган. Энергетика министрлиги кийин түшүндүрмө берип, “Парковая” – “Ала-Арча” линиясындагы 23-тирөөч менен 24-тирөөчтүн ортосундагы электр чубалгысын HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа үзүп кетип, шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калганын билдирген.
Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр. (ErN)
Шерине