Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

Жайыттарды бузган 100дөн ашуун мыйзам бузуу катталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Соң-Көл
Соң-Көл

Кыргызстанда жыл башынан бери жайытка байланыштуу 109 мыйзам бузууну катталып, 600 миң сомго жакын административдик айып пул салынган.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор районунун Соң-Көл жайыттарында мыйзам талаптарын бузган 11 жаран аныкталып, “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 252-беренесине ылайык ар бирине 7500 сомдон, жалпысынан 82500 сом өлчөмүндө административдик айып салынган.

Рейддик иш-чаралар өкмөттүн №330 токтомунун негизинде жүрүп жатат. Ага ылайык эндуро мотоциклдеринин, квадроциклдердин жана автоунаалардын жайыттарга көзөмөлсүз кирүүсүнө тыюу салынган.

Кыргыз бийлиги түрдүү техникалардын жайыттарга кирүүсүнөн көк шибер талкаланып, өсүмдүк катмары бузулуп, жердин табигый абалына олуттуу зыян келерин эскертип келет.

Былтыр президент Садыр Жапаров ички иштер министри менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине тоо беттерин, көк шибер, жайыттарды квадроциклдер, жол тандабастар менен тебелегендерге айып пул салууга жана техникалык каражаттарын конфискациялоого тапшырма берген.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектар болсо, анын 9 миллион гектарын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат. Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын көбөйгөнүнөн, кен байлык казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга такырга айланып баратат. Соңку беш жылда эле жайыттардын аянты 25 миң гектарга кыскарган.

Өкмөт бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн жайыттарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программа бекиткенин, анын негизинде такырайган жерлерге урук себүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG