Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

Иорданияда АКШнын эки аскери каза болуп, бири дайынсыз жоголду

Иорданиядагы Муваффак Салти авиабазасында жайгашкан АКШнын аскердик учактары. Спутниктен тартылган сүрөт.
Иорданиядагы Муваффак Салти авиабазасында жайгашкан АКШнын аскердик учактары. Спутниктен тартылган сүрөт.

Пентагондун маалыматына ылайык, Иорданиядагы коргонуу операциялары учурунда АКШнын эки аскери каза болуп, дагы бири дайынсыз жоголгон.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 18-июлда X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө 17-июлда Иорданияда АКШнын эки аскер кызматкери Ирандын баллистикалык ракеталары жана учкучсуз учактарынын чабуулдарынан коргонуу операциялары учурунда курман болгонун билдирди.

"АКШнын Борбордук командачылыгы жана өнөктөш күчтөр Ирандын баллистикалык ракеталары менен дрон чабуулдарына каршы коргонуу аракеттерин жүргүзүп жаткан учурда эки америкалык аскер каза болду. Мындан тышкары, дагы бир аскер кызматкери дайынсыз жоголду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле төрт аскер жаракат алып, Иорданиядагы ооруканаларга жеткирилгени маалымдалды. Алардын экөө дарылангандан кийин ооруканадан чыгарылган. Дагы бир нече аскер жеңил жаракат алгандан кийин текшерүүдөн өтүп, кайра кызматын улантууга жөнөтүлгөн. Чабуул Иорданиянын кайсы аймагында болгону такталган эмес. Каза болгон аскерлердин аты-жөнү алардын жакындарына кабар берилгенге чейин жарыяланбайт.

Жакынкы Чыгыштагы АКШ күчтөрүнүн негизги аскердик объектилеринин бири — Аммандан болжол менен 80 чакырым алыстыкта жайгашкан Муваффак Салти авиабазасы. Ошондой эле америкалык аскерлер Ханзаада Хасан авиабазасында (Prince Hassan Air Base) жана Иорданиянын башка аскердик объектилеринде жайгашкан.

The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып, бутага АКШ күчтөрү Иранга каршы аба операцияларын жүргүзүүдө колдонгон Муваффак Салти авиабазасы алынганын жазды.

АКШ президенти Дональд Трамп NewsNation телеканалына берген маегинде аскерлердин каза болушун "өтө кайгылуу окуя" деп атады.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG