Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Украинанын Орусияга соккусунан мунай базаларында өрт чыкты, КТК терминалы бутага алынды

 Каспий мунай консорциумундагы (ККК) резервуарды алмаштыруу учуру. Архив
Каспий мунай консорциумундагы (ККК) резервуарды алмаштыруу учуру. Архив

Украинанын армиясы 19-июлга караган түнү Орусиянын бир нече аймагына сокку урду. Ставропол крайында дрондордун соккусунан өнөр жай объектилеринде өрт чыкканын аймактын губернатору Владимир Владимиров билдирди.

"Өрттүн айынан өнөр жай объектилеринде тез күйүүчү материалдарды детонация кылып жатышат, добуштар Ставрополдо угулуп жатат. Учурда элдин өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жок. Вязникиде жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларын коопсуздук үчүн коопсуз жайга көчүрүлдү. Өрт өчүрүү аракети уланууда", - деп жазды губернатор Телеграмга.

Astra каналы Ставрополдо жана анын айланасында үч мунай базасы күйүп жаткан болушу мүмкүндүгүн билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек.

Новороссийскиде учкучсуз учактар Каспий куур консорциумунун (КТК) деңиз терминалына чабуул койгонун аталган компания кабарлады.

Маалыматка караганда, чабуулдан эки танкер жабыркады. Анын бири Либериянын, экинчиси Маршалл аралдарынын желеги экени кабарланды. Либериянын желеги алдындагы ASIA танкеринде өрт чыккан. Экипаж мүчөлөрү жана терминалдын кызматкерлеринин арасында каза тапкандар, жараат алгандар жок. Мунайдын төгүлүшүнө жол берилбегенин аталган компания маалымдады. Казакстан, Орусия жана Орусиянын аймагындагы Батыш компаниялары кирген консорциумдун объектилерине чабуул мурда да болгон.

Орусиянын Курск аймагында учкучсуз учактар көп кабаттуу турак жайларга тийгенин губернатор Александр Хинштейн билдирди.

Анын айтымында, бир подъездде үч кабаттагы батирлерге зыян келтирилди. Башка даректеги эки үйдүн фасадына зыян келтирилип, дагы бир турак жайда батир күйүп кетти. Бул үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланды, бир киши жабыркаганы айтылды.

Хинштейндин билдирүүсүндө, Льгов шаарында автобус, дүкөн жана аялдамага сокку урулганда, айдоочу жана дагы бир киши жабыркады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 19-июлга оогон түнү Украинанын 140 дрон кармалып же жок кылынганын жарыялады. Канча дронду атып түшүрүүгө мүмкүн болбогонун министрлик кабарлаган жок.

Орусиянын аскерлери 19-июлга караган түнү Киевге ракеталар менен жапырт чабуул койгондо бир адам каза болуп, 16 адам жаракат алды. Украинанын борборуна бир сааттын ичинде түрдүү типтеги ондогон ракета, негизинен баллистикалык ракеталар атылды.

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.

Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.

Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG