Түндүк Американын үч өлкөсүндө өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Англиянын футбол боюнча курама командасы коло байгенин ээси болду. 19-июлга караган түнү Англия курамасы 3-орун үчүн беттеште Франция курамасын 6:4 эсебинде жеңип алды.
Оюндун биринчи таймында англиялыктар төрт гол киргизип, алдыга чыгышты. Экинчи таймда франциялыктар жооп кылып, төрт гол киргизип, тең чыгууга аракет кылганы менен, бул бөлүктө Англия оюнчулары эсебине дагы эки гол жазып, жеңишке жетишти. Оюндагы голдор Англия тараптан Деклан Райс (3′), Эзри Конса (18′), Букайо Сака (37′, 45+1′, 87′(П)), Жуд Беллингем (90+8′), Франция тараптан Килиан Мбаппе (48′, 66′), Брадли Баркола (54′) жана Усман Дембелеге (90+6′) таандык.
Англия курамасы 1966-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиону болгон. Ал эми эки жолу коло байге үчүн беттештерде Италия (1990-ж.) менен Бельгияга (2018-ж.) жеңилип калган.
Футбол боюнча 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын 3-оруну үчүн беттешинен кийин Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе бул чемпионатта жалпы 10 гол киргизип, "мыкты чабуулчулар" тизмесинде азырынча көч башын жетектеп, "Алтын бутсы" алууга башкы талапкер болууда. Экинчи катарда 8 гол менен Аргентина курамасынын капитаны Лионель Месси келе жатат.
27 жаштагы чабуулчу Килиан Мбаппе ушуну менен жалпы Дүйнө чемпионаттарында 22 гол киргизип, мундиалдарда Аргентина курамасы үчүн 21 гол киргизген Лионель Мессиден азырынча алдыга озуп турат.
Бул тизмелер бул чемпионатта жаңыланабы же жокпу, алдыда 20-июлга караган түнү боло турган Аргентина менен Испания курамаларынын финалдык беттешинде белгилүү болот.
11-июнда башталып,19-июлга чейин улана турган футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. (ECh)
Шерине