Орусиянын аскерлери 19-июлга караган түнү Киевге ракеталар менен жапырт чабуул койду. Акыркы маалыматтар боюнча, бир адам каза болуп, 16 адам жаракат алды. Украинанын борборуна бир сааттын ичинде түрдүү типтеги ондогон ракета, негизинен баллистикалык ракеталар атылды. Чабуулдан улам өрт чыгып, жабыркагандар бар.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, бул согуш башталгандан бери Киевге эң ири чабуулдардын бири болду.
Киев июль айында эле төртүнчү жолу жапырт соккуга кабылды.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Киевдин беш району - Соломенка, Шевченко, Святошинск, Деснянск жана Днепр райондору аткылоого кабылган.
Киев шаарынын мэри Виталий Кличко чабуулдун кесепеттери тууралуу маалымат берди. Соломенка районунда беш кабаттуу үйдө жана ээн имаратта өрт чыккан. Ошол эле райондо супермаркет да күйгөн.
Шевченко районунда көп кабаттуу үй жана эч ким жашабаган жайлар жабыркаган. Днепр районунда соода жана көңүл ачуу борборуна зыян келтирилген.
Аткылоо маалында жарылуу толкунунан Киевдеги "Лукьянов" метро бекетинин жер үстүндөгү бөлүгү жабыркаганы маалымдалды.
Киев облусунун Буча районунда кампа жайларына сокку урулгандан кийин өрт чыккан. Ошондой эле Одесса облусуна да чабуулдар жасалганы кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги бутага Киев жана Киев облусундагы аскердик өнөр жай ишканалары жана логистикалык борборлор алынганын билдирди. Маалыматта төрт аскердик ишкана, ошондой эле Киевдеги "Новая почта" компаниясынын кампасы жана Киев облусундагы логистикалык борбор аталган.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия түн ичинде Украинанын аймагына 41 ракета жана 125 учкучсуз учак учурду. Алардын ичинен 23 ракетаны атып түшүрүүгө мүмкүн болгон эмес.
Орусия Украинага ракеталар менен жапырт сокку урду
Дагы караңыз
Шерине