Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

Франция парламенти балдарды соцтармактардан чектөө чечимин кабыл алды

Франция парламенти 15 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салган мыйзамды жактырды. Ошентип, бул өлкө Европа Биримдигинин аймагында мындай чектөөнү мыйзамдык деңгээлде киргизген биринчи мамлекет болот.

AFP агенттигинин маалыматына караганда, мыйзам долбоорун Улуттук ассамблеянын 279 депутаты колдоп, 81 депутат каршы добуш берди. Буга чейин документти Франциянын Сенаты да жактырган.

Демилгени активдүү колдоп келген президент Эммануэл Макрон социалдык тармактардагы баракчасына Франция балдарды жана өспүрүмдөрдү коргоо боюнча Европада алдыңкы өлкө экенин жазды. Ал парламентке ыраазычылык билдирип, мыйзам күчүнө кириши үчүн аны Конституциялык кеңеш дагы жактырышы керек экенин белгиледи.

Буга чейин Макрон тыюу сентябрь айынан тартып күчүнө кирет деген үмүтүн билдирген. Ага ылайык, 1-сентябрдан баштап социалдык тармактар 15 жашка чыга элек колдонуучуларга жаңы аккаунт ачууга мүмкүнчүлүк бербеши керек. Ал эми 2027-жылдын 1-январына чейин жашы жете элек француз өспүрүмдөрүнүн буга чейин ачылган аккаунттары жабылышы зарыл.

Ошол эле учурда мыйзамда тыюуну бузган балдарга же алардын ата-энелерине карата кандайдыр бир жаза каралган эмес.

Саясий күчтөрдүн басымдуу бөлүгү бул чектөөнү колдоп, TikTok, Snapchat жана Instagram сыяктуу социалдык тармактар балдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жаратарын белгилешкен.

Ал эми мыйзам долбооруна каршы чыккандар бийликти "жарандардын жеке жашоосуна кийлигишүүдө, жеке маалыматтар сыртка чыгып кетиши ыктымал" деген тынчсызданууларын билдиришкен. Анткени социалдык тармактарга кирүү үчүн колдонуучулар 15 жашка толгонун тастыктаган маалыматтарды көрсөтүүгө тийиш болот.

Балдардын социалдык тармактарга жеткиликтүүлүгүн чектөө маселеси Европа Биримдигинин деңгээлинде да талкууланууда, бирок азырынча мындай чечим кабыл алына элек.

Социалдык тармактарга 16 жашка чейинки балдардын катталышына мыйзам жүзүндө биринчи болуп Австралия тыюу салган.


Шерине

XS
SM
MD
LG